Кечээ, 17-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилин өтүү боюнча ыкчам маалымат угулуп, ошондой эле аномалдуу суук аба ырайына байланыштуу көрүлгөн чаралар каралды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, күз-кыш мезгилинин алкагында энергетиктер тарабынан калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоого багытталган иш-чаралар ишке ашырылууда.
«Акыркы күндөрү электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталды. Ал саатына 73,8 миллион — 76,4 миллион ктловатты түзүүдө. Буга чейинки кышкы электр энергиясын керектөө рекорду 2021-жылдын 6-январында 73 миллион киловатт/саатты түзгөн», — деди ал.
Баяндамачы кошумчалагандай, электр энергиясын керектөөнүн өсүшү менен бирге Токтогул суу сактагычынан суунун сарпталышынын дагы эң жогорку көрсөткүчү белгиленди.
Талкуу маалында комитет мүчөлөрү калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоонун маанилүү экенин баса белгилеп, тармактык министрликти авариялык кырдаалдардан сактануу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө чакырышты.
Алсак, депутат Максатбек Сарбагышев электр энергияны керектөөдө жөнгө салуу иш-чараларынын жүрүшүнө кызыгып, энергетика министрлигин жана энергетикалык компанияларды өчүрүү графигин өз убагында жарыялоого чакырды. Буга министр керектөөнүн өсүшүнүн уланышы негизги жабдуулардын ашыкча жүктөлүшүнө жана электр энергиясы менен камсыздоонун авариялык өчүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн экенин маалымдады.
«Электр энергияны ашыкча керектөөдө биз жөнгө салуу иштерин жүргүзүп турабыз. Андай кылбасак жабдуулар кыйрап калышы мүмкүн. Жабдууларды сактап калуу максатында өчүрүүлөр болууда. Бул деген жарыкты маал-маалы менен өчүрүү дегендик эмес. Бүгүнкү күндөн баштап аба ырайы жылып баштады. Электр энергиянын керектөөсү азайган сайын өчүрүүлөрдөн алыстап, жөнгө салуу иш-чараларын дагы токтото баштайбыз», — деп убадалады министр.










