Энергетика министри: «Былтыркыдай күтүүсүз катуу сууктун алдын алып, быйыл даярдыкты сапаттуу аткаргыла»

Бүгүн, 13-июнда энергетика министри Таалайбек Ибраев «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы, жылуулук тармактарын реконструкциялоо жана жаңы объекттердин курулуш иштери менен таанышты.
Министр Саякбай Каралаев көчөсүндөгү жылуулук тармактын реконструкциялоо иштерине көз чаптырды. Эскилиги жеткен бул түтүктөр 1987-жылдан бери ишке берилип, 36 жыл колдонулган. Учурда ишкана тарабынан өз каражатынын эсебинен эски диаметри 400 мм түтүктөрдү 500 мм түтүктөргө алмаштырылууда. Быйыл эки участокто: Саякбай Каралаев жана Токтоболот Абдымомунов көчөлөрүнүн боюндагы жылуулук тармактын түтүктөрүн куруу жана реконструкциялоо иштерин жүргүзүлүүдө. Бул иштердин натыйжасында жалпы суммасы 61,9 миллион сомго ар кандай диаметрдеги 526 метр жылуулук тармактары курулуп, жаңыланат.
Андан кийин министр Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан “7-апрель” көчөсүндөгү жылуулук тармагынын бөлүгүнө барды. “Чыгыш” магистралдык жылуулук тармагынын реконструкциялоонун жүрүшүндө 1,3,4 ишке киргизүүчү комплекстерин камтыган 2326 метр узундуктагы түтүкчөлөр жаңыланат.
Долбоордун алкагында ошондой эле түтүктөрдүн диаметрин 700 ммден 900 ммге чейин көбөйтүү менен узундугу 1070 метр болгон жаңы жылуулук тармагын куруу пландалууда. Жылуулук механикалык бөлүгү 2023-жылдын 30-сентябрына чейин бүткөрүлөт, ал эми долбоордун толук бүтүшү 2023-жылдын декабрында күтүлүүдө.
Министр күз-кыш мезгилине даярдыкты өз убагында бүткөрүү керек экендигин эскертип, тиешелүү адистерге тапшырма берди. «Азыр жай мезгили деп аталганы менен убакыт тез өтөт, күз-кыш мезгили тез эле кирип келет. Кышка даярдык иштери сапаттуу жана өз убагында аткарылышы керек. Жетекчилер күнүгө жумушчуларды көзөмөлгө алып, жасалып жаткан ишти тез-арада бүткөргүлө. Быйыл кыш кандай болоору азырынча белгисиз, бирок былтыркыдай күтүүсүз катуу сууктун алдын алып, быйыл даярдыкты сапаттуу аткаргыла», — деди ал.