Энергетика министрлигинде электр энергиясына тарифтерди көтөрүү боюнча жаңы идея пайда болду

Калк үчүн 1 киловатт-саат электр энергиясына бөлбөй туруп, 1 сом 9 тыйындан бирдиктүү тарифти белгилөө сунушталууда. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев бүгүн Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы тарифтик саясат иштелип чыкты. Жакынкы аралыкта коомдук талкууга коюлат. Ошол эле учурда, ал мурун айтылган идеялардан айырмаланып турат.

“Калк үчүн бирдиктүү тариф болот, эч кандай бөлүштүрүү жок. Сунуш кылынган тариф калк үчүн 1 сом 9 тыйын, башкача айтканда, тарифти 32 тыйынга көтөрүү сунушталды. Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн кышында да, жайында да электр энергиясын колдонууга чектөө болбойт. Жалпы калк үчүн кыш мезгилинде суунун деңгээли төмөн болгондуктан 1000 киловатт-саат босогосун калтыруу сунушталууда. Ишмердүүлүктүн башка түрлөрү үчүн тарифти 5 сом 4 тыйынга чейин көтөрүүнү сунуштайбыз», — деди Доскул Бекмурзаев.

Бийлик 2021-жылдын апрелинде калкка электр энергиясынын тарифин эки эсе — 1 сом 48 тыйынга чейин, ал эми аз камсыз болгон жарандарга 74 тыйындан, жашоо-шарты оор алыскы райондорго 1 сом 4 тыйындан, 1000 киловаттан ашса, 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуш кылган. Бул сунуш сын-пикирлер талкуу жараткан