«Энеси балдарды таштап, турмушка чыгып кеткен». 4 бир туугандын документи жок экени аныкталды

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү 25-июнда Жети-Өгүз районунда жашаган фостердик (бала багып алуучу) үй-бүлөгө жергиликтүү социалдык кызматкерлер менен чогуу барып мониторинг жүргүзүшкөн. Бул тууралуу Акыйкатчынын институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мониторинг учурунда ал үй-бүлөгө берилген 4 бир туугандын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана аты-жөнүн тастыктаган бир дагы документ жок экени маалым болгон. Бул балдардын энеси Жети-Өгүз районунун тургуну. Ал Мады (Ош облусу) айылына келин болгон. Бирок күйөөсү менен келишпей, Жети-Өгүз районунун айылдарынын бирине, төркүнүнө көчүп келген. Төркүнү социалдык колдоого муктаж үй-бүлө. Өзүнүн да, балдарынын да документтери жок. Учурда энеси башка күйөөгө тийип, балдарын таштап Бишкек шаарына кетип калгандыктан, балдары Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылына фостердик үй-бүлөгө өткөрүп берилген. Балдардын азыркы абалы жана багуусу жакшы. Бир туугандардын улуусу улам окубай калып, азыркы учурда 4-классты бүткөн.

Балдардын аты-жөнүн тактоочу документтерди алып берүү үчүн райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмү иш алып барып, тийиштүү органдарга кайрылып келишет. Азырынча майнапсыз болуп атканы белгилүү болду.

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгү бул ишти райондун акиминин социалдык иштер боюнча орун басары колго алыш керек жана балдардын энеси табылбаса, күч түзүмдөрүнө издөө жарыялатып же энелик укуктан ажыратуу керек деп эсептейт. Өкүлчүлүк тарабынан балдардын документтерин тез арада бүтүрүү чараларын колго алуу өтүнүчү менен Бишкек шаардык Мамлекеттик каттоо кызматына кат жөнөтүлүп, иш көзөмөлгө алынды.