Кечээ, 12-майда Акылбек Жапаров төрагалык кылган «Кумтөр» алтын кенин текшерген мамлекеттик комиссиянын жыйыны болуп өткөн. Жыйында төрага «Centerra Gold» компаниясы Кыргызстандын саясий процессине кийлигишип, президенттик шайлоого таасирин тийгизгенин, тактап айтканда, компания 2011-жылы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевге 10 миллион доллар которгонун айткан.
Жапаровдун бул билдирүүсүнө карата Сеид Атамбаев анын атасын каралап жатышканын айтты.
Илгери атам оппозицияда кезинде Акылбек Жапаров айылга жалдырап келчү. Ошондо оппозицияга батпай же Бакиевге батпай жүргөн кезиңиз болчу! Атама жалдырап жүрүп эле, кийин Бакиевге сатылып, «ваше превосходительство» болуп калдыңыз! Уятыңыз жок экен! Эми түрмөдө отурган кишини тепкилеп, шыбап жатасыз! Кыскасы эркек эмес экенсиз!», — деп жазды ал.