«Эркек эмес экенсиз!» Сеид Атамбаев атасына болушуп, Акылбек Жапаровго катуу айтты

Кечээ, 12-майда Акылбек Жапаров төрагалык кылган «Кумтөр» алтын кенин текшерген мамлекеттик комиссиянын жыйыны болуп өткөн. Жыйында төрага «Centerra Gold» компаниясы Кыргызстандын саясий процессине кийлигишип, президенттик шайлоого таасирин тийгизгенин, тактап айтканда, компания 2011-жылы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевге 10 миллион доллар которгонун айткан.

Жапаровдун бул билдирүүсүнө карата Сеид Атамбаев анын атасын каралап жатышканын айтты.

«Акылбек Жапаров деген отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн бир киши бар. Улам бир келген бийликтин короосун шыпырып, эптеп бизнесин жасап, оокатын өткөрүп келет. Бул киши учурда менин камакта жаткан атамды, экс-президент Алмазбек Атамбаевди «Кумтөргө» жабыштырып, курулай эле кара көө жаап, далилсиз маалымат таратты!

Илгери атам оппозицияда кезинде Акылбек Жапаров айылга жалдырап келчү. Ошондо оппозицияга батпай же Бакиевге батпай жүргөн кезиңиз болчу! Атама жалдырап жүрүп эле, кийин Бакиевге сатылып, «ваше превосходительство» болуп калдыңыз! Уятыңыз жок экен! Эми түрмөдө отурган кишини тепкилеп, шыбап жатасыз! Кыскасы эркек эмес экенсиз!», — деп жазды ал.