Эртең, 22-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 22-майда түнкүсүн кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +15…+20;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +13…+18;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +18…+23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +14…+19;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +17…+19 градус болот.