Эртең Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштайбы? Милиция эскертүү таратты

Эртең, 18-январда Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин айдоочулары жумушка чыкпай калышы ыктымал. Айрым маалыматтар боюнча алар иш таштоону пландап жатышат.

Ушул аптанын башында маршруттук таксилердин айдоочулары 2012-жылдан бери көтөрүлө элек коомдук транспорттогу жол кире акысын 15 сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышкан. “Эгерде талабыбыз 15-январга чейин аткарылбаса, анда каттамга чыкпайбыз” дешкен эле алар. Буга Бишкек мэриясы айдоочулар иш таштай турган болсо, анда алардын лицензиясын чакыртып алууну суранып министрликке кайрыла турганын билдирген.

Бүгүн, 17-январда Бишкек ШИИББи коомдук транспорттордун айдоочуларына карата жумушка чыкпоо, жол тыгындарын жаратуу жана чагымчыл чакырыктар тарап жатканы боюнча кайрылуу жолдоду. «Борбор калаада коомдук тартипти туруксуздаштыруу мыйзам бузуу болуп саналат. Ошондуктан ШИИББ айдоочуларды чагымчылдыкка алдырбоого чакырат. Коомдук транспортто жана шаардын көчөлөрүндө жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч келтирген жана мамлекеттик мүлккө зыян келтирген чагымчыл аракеттерди кылган учурда мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлөт», — деп жазылат маалыматта.