Бүрсүгүнү Бишкектеги 3 конушта суу жок болот

29-февралда саат 09:00дөн 20:00гө чейин үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттыкты сактоо объектилеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Өчүрүү району: «Ак-Жар», «Ак-Бата», «Келечек» турак жай конуштары.

Ичүүчү сууну өчүрүү «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу. «Бишкек суу канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.