Эртең Бишкектин айрым аймактарында муздак суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, өчүрүүнүн себеби — Батыш суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү техникалык тейлөө жана оңдоо иштери. Садыгалиев көчөсү, БЧК, Фучик көчөсү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта, ошондой эле Кызыл-Аскер, 110-квартал жана Достук кичи районунда 19-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин муздак суу болбойт.