Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу өчүрүлөт

Эртең, 2-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин суу түтүктөрүн оңдоп түзөө иштерине жана түтүктөрдү жаз-жай мезгилине даярдоого байланыштуу борбор калаанын бир катар конуштарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Суу өчүрүлө турган мекеме, аймактар:

-Ак-Босого-1 конушу

-Ак-Босого-2 конушу

— Сары-Челек, Нуркен, Андижан жана Бухара көчөлөрү чектешкен аймактар, анын ичинде: № 81 мектепте, № 2 «Алтынай» бала бакчасында, № 14 ҮМБ, № 15 милициянын участкалык пунктунда жана № 16 муниципалдык аймактык башкармалыгында ичүүчү суу убактылуу токтотулат.