Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат

Эртең Бишкектин эки аймагына убактылуу суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришет. Жай мезгилине даярданууга жана суу түтүктөрдү оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу эртең, 29-апрелде саат 10:00дөн кечки 20:00гө чейин эки аймакта ичүүчү суу убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

Төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда суу берүү токтотулат:

• Биринчи аймак — Ахунбаев, Токтоналиев, Шакиров жана М. Гшлессер көчөлөрү;

• Экинчи аймак — Ахунбаев — Ч.Айтматов проспектиси — Ала-Арча дарыясы.

«Бишкек суу канал» өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.