Бүгүн Бишкектин айрым конуштарында муздак суу өчүрүлөт

Бүгүн, 11-ноябрда борбор калаанын Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында муздак суу болбойт. «Бишкек суу канал» билдиргендей, суу саат 9:00дөн 16:00гө чейин өчүрүлөт.

Суунун өчүрүлүшүнүн себеби: «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу тосмосунда жана шаардык суу түтүктөрдө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.