Эртең, бүрсүгүнү Чүй жана Таласта үшүк жүрүшү мүмкүн

Эртең, бүрсүгүнү 20-21-март күндөрү түнү жана эртең менен Чүй, Талас облустарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жогорудагы дубандардын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы …0…-2 градус болот деп болжолдонууда.
«Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет», — деп жазылат маалыматта.