5-апрелде Бишкектеги Эмен сейил багында саат 16:00-18:00 аралыгында Ден соолук бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Акциянын алкагында спорттук иш-чаралар, оюндар жана конкурстар пландалган. Акция учурунда каалоочулар сергек жашоо мүнөзү, тамеки тартуудан баш тартуу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча консультация алышат, артериялык кан басымды өлчөтүп, АИВге экспресс-тесттен өтүшөт, кант диабетинин өнүгүү тобокелчилигин баалап, ошондой эле В гепатитине жана COVID-19 каршы эмдөө алышса болот.
Программанын аягында жеңүүчүлөргө сыйлыктарды ыйгаруу менен “Сергек жашоо мүнөзү” видеороликтеринин конкурсунун жыйынтыгы жарыяланат.