Эртең Кыргызстанга 226 миң доза «AstraZeneca» вакцинасы келет

Эртең, 29-июлда Кыргызстан коронавируска каршы 226 миң доза «AstraZeneca» вакцинасын алат. Бул тууралуу журналисттерге саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, ал ДССУнун Европадагы Аймактык бюросунун директору Ханс Клюге менен жолугуп, жүктөрдү тездетүүнү макулдашкан. «Вакцина Швейцариядан келет. Бүгүн биз 25 миң кишиге 50 миң доза «QazVac» алабыз. Республикада вакциналар жетиштүү”, — деди ал. 

Эске салсак, кечээ, 27-июлда Казакстандан Кыргызстанга гумжардам катары коронавируска каршы 50 миң доза «QazVac» вакцинасы келери маалым болгон.