Эртең милициянын гарнизондук саптык кароосу болот

Архив

Эртең, 5-апрель саат 8:00дө Бишкек шаарындагы эски аянтта милициянын гарнизондук саптык кароосу болот. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саптык кароо жергиликтүү шайлоого жана референдумга байланыштуу. Ага ички иштер министри Улан Ниязбеков да катышат.