Эртең саммитке байланыштуу Ысык-Көлдө жол убактылуу жабылат

21-июль күнү саммитке байланыштуу Ысык-Көл облусундагы айрым аймактар толугу менен жабылат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

«21-июль күнү саат саат 09:00дөн 10:00гө чейин Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки аралыктагы жол толугу менен жабылат. Андан сырткары делегациялар өткөн учурда жолдо кыймыл убактылуу токтотулат. Жолдун четине коюлган кароосуз калган унаалар эвакуацияланат», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 21-июль күнү Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өлкө башчыларынын жолугушуусу болуп өтөт.