Эртеңден баштап электр энергиясына карызы барлардын жарыгы өчүрүлөт

«Түндүк электр» ишканасы 29-июндан тартып карызы бар абоненттерди аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

«29-июндан тарта «Түндүк электр» ишканасы электр энергиясына мониторинг жүргүзүү жана өлчөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутуму дебитордук карызы үчүн Бишкек шаарындагы 6,8 миңден ашуун үй абоненттерин аралыктан өчүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы тиричилик абоненттеринин дебитордук карызы 3 миллион 41 миң сомду түзөт.