4-июндан тарта паспорт столдордун иштөө мөөнөтү узартылат

Эртең, 4-июндан тартып, калкты тейлөө борборлорунун жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүнүн иштөө режими өзгөртүлөт. Буйрукка Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Залкарбек Карыбеков 3-июнда кол койду. Бул тууралуу Каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эми Кыргызстан боюнча жогоруда айтылган мекемелер саат 8:00дөн 19:00гө чейин иштешет. Каттоо кызматынын буйругуна ылайык, кызматкерлердин ийкемдүү иш графиги бекитилет. Бул өзгөртүүлөр Кыргыз жарандарынын ыңгайлуулугу үчүн жана жай мезгилине гана 31-августка чейин киргизилген.