Эртең Жеңиш күнүнө карата Бишкектеги айрым жолдор жабылат

Эртең, 9-майда Улуу Жеңиш күнүнө карата борбор шаарыбызда өткөрүлүүчү «Өлбөс полк» жүрүшүнө байланыштуу төмөнкү көчөлөр эртең мененки саат 08:00дөн тартып, 11:00гө чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

— Байтик Баатыр көчөсү түндүктү көздөй А.Токомбаев көчөсүнөн тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;

— Фрунзе көчөсү күн чыгышты көздөй, Ю.Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

— Кең Чүй көчөсү күн чыгышты көздөй Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Жогорудагы көчөлөрдөгү жөө жүрүш учурунда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бардык жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздап беришет.