Эртең, 10-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 10-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +24…+29;

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +18…+23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +16…+21, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+27;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +25…+27 градус болот.