Эрулан Кокулов «Билим берүү министрлиги менен болгон кызыктуу окуя» деген видео жарыялады

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Эрулан Кокулов Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнө мыйзам долбоору боюнча «109-берененин аталышы кандай?» деген суроо салды.

Кокулов жарыялаган видеодон билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова менен юристтин аталышын көпкө издеп, убара болушканын көрүүгө болот.