Эрулан Кокулов Гүлзат Мамытбектин иши эмне болуп жатканына кызыгып, ага жармашкан себебин айтты

Депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин жыйынында кайрадан Гүлзат Мамытбек темасын козгоду. Ал ИИМдин өкүлүнө «Гүлзат Мамытбек менен эмне болду?» деген суроо салды.

«Мен ушул кызга жаман жармаштым да. Себебин айтып берейин, ал азыр ырдап, бийлеп ЦУМдун алдында жүрөт. Бул бизде аферисттер бийлеп-жыргайт дегенди түшүндүрөт. Анткени мен изилдеп, канча кишини алдап кеткенин, Москвада ошол акча менен жашап келгенин изилдегем. Ал кайсы чечим менен чыкты? Мына азыр кайра концерт берип жатыптыр. Кайра катталгыла, ойгонгула деп акча чогултуп жатыптыр», — деди ал.