Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында президент демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып, экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов белгилегендей, анын максаты Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү болуп саналат. Муну менен катар Эсептөө палатасынын аудиторлорунун санын тогуздан үчкө чейин кыскартуу сунушталат.
Комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, баяндамачы аудитти өткөрүү функциясын негизинен Эсептөө палатасынын инспекторлору жүргүзөрүн, ал эми аудиторлор жетектөөчү милдеттерди аткарарын маалымдады.