“Эшек ферманы текшерүүнү талап кылабыз” деп Мады айылынын 70тей тургуну кайрадан митингге чыгышты

“Эшек ферманы текшерүүнү талап кылабыз” деп Кара-Суу районундагы Мады айылынын 70тей тургуну кайрадан митингге чыгышты. Жергиликтүү тургундар ишкананын жетекчилиги өлгөн малдын этин айылдын ар тарабына таркатып, чымындардын көптүгү жүдөтүп, бул элдин түрдүү ооруларга чалдыгышына алып келиши мүмкүн дешүүдө.

“Үч жылдан бери текшерүү жүргүзүүнү талап кылып келебиз, бирок жергиликтүү бийлик тарабынан реакция жок. Бул жерде эшектер кандайча багылып жаткандыгын, өлгөндөрү кайсы жерге көмүлгөндүгү жана таштандылар ыргытылган жерлерин көргүбүз келет. Азыр эт кымбаттап жатат, ошондон улам жергиликтүү ашканаларга эшектин этин бербей элебиз деп жетекчилери кепилдик беришсин”, — дешти нааразычылык акциясына чыккандар.

Митингчилерге чарбанын бригадири чыгып, ишкана Кытайга экспорттоо үчүн гана иштей тургандыгын айтты. «Биз расмий түрдө иштейбиз, бул жерде эшектерди багабыз. Азыр чек аралар жабык болгондуктан, иш жүзүндө 10 айдан бери жумуш жок.. Бул жерде эч ким эшектерди сойбойт же жебейт — биз мусулманбыз. Айына бир жолу бир мал өлсө, атайын чуңкурга алып барабыз», — деди дыйкан чарбанын өкүлү.

Азыр чарбада 800гө жакын эшек бар экени белгиленди.