Эшекти союп, терисин сыйрып жаткан видео боюнча милиция маалымат берди

Социалдык тармактарда Кантта тартылган видео тарады. Анда видеонун авторунун «эшекти союп, тирүүлөй терисин сыйрып жатат» дегенин угууга болот.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Чүй ОИИБге кайрылганыбызда, видео боюнча Ысык-Ата РИИБи тарабынан текшерүү жүргөнүн айтышты. «Вьетнамдыктар эшекти сатып алып, союп жешет. Алар эшекти журөккө сайып өлтүрүп, анан мууздашат экен. Видео эшекти өлтүрүп, союп жатканда тартылган», — дешти.