Эскертүү: Каракол—Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

22-апрелден 24-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болот.

ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керектигин эскертти.