Этникалык кыргыз, милициянын ага лейтенанты Аброр Разиков үй-бүлөсүн Тажикстандан Кыргызстанга көчүрүп келди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
Аброр Разиков Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын улук инспектору болуп иштейт. Ал Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган этникалык кыргыз.
«Аброр Разиков орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан соң, жашынан кыялданган Бишкек шаарына келип жогорку окуу жайлардын бирине тапшырган. Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө ар түрдүү иш-чараларга активдүү катышып, этникалык кыргыздарга байланыштуу маселелерди көтөрүп, тиешелүү уюмдардын көмөгү менен 23 миң даана кыргыз тилиндеги адабий жана окуу китептерин өзү туулуп өскөн айылына жеткирген. Ал учурдагы кызматын рахаттануу менен аткарып, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алууга салым кошсом деген жалгыз максаты бар экенин белгилейт», — деп айтылат маалыматта.
Разиков жогорку окуу жайды аяктаган соң 2012-жылы ички иштер органдарына жумушка орношкон. Алгач ИИМдин күзөт кызматында, ИИМдин “Шумкар» атайын багыттагы полкунда кызмат өтөп, кийин Аламүдүн РИИБине аймактык милиция кызматкери болуп которулган. Үч жылдан ашык өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында кызмат өтөп келет.