Этникалык кыргыздар Ооганстандан качып, Тажикстанга баш калкалоого аргасыз болушкан

иллюстрация

77 этникалык кыргыз башпаанек издеп Ооганстандан Тажикстанга кетүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу тажик өкмөтүнүн «Ховар» басылмасы тажик чек ара аскерлеринин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди. 

Маалыматка караганда, алардын арасында 26 эркек, 20 аял жана 31 жаш балдар бар. Тажик чек арачылары ооган качкындарына Тажикстан Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат беришкен. Качкындар жанына 1000 баш майда жандыктар, 300 топоз, 3 төө жана 30 жылкы айдай келишкен.