Европа Кеңешинин президентине кыргыз элинин каада-салт, үрп-адаттарын көрсөтүштү

Бүгүн, 3-июнда Ысык-Көл облусунда Садыр Жапаровдун атынан Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында маданий программа уюштурулду.

Программа анын кыргыз элинин улуттук маданиятына, каада-салттарына жана үрп-адаттарына болгон кызыгуусунан улам уюштурулду. Этно-комплексте делегация башчыларын «Алптар» аттуу баатырлар жана “Аталар изи” улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты. Коноктор кол өнөрчүлөр аллеясында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты, ички жасалгасы менен боз үйлөрдө кыргыз элинин улуттук каада-салттары көрсөтүлдү, манасчылар «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтышты, ырчылар жана инструменталисттер өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ошондой эле делегация башчыларына салттуу аңчылыктын элементтери бар «салбуурун», «кыз куумай» этномаданий оюндары көрсөтүлүп, «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбль тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.