Facebook, Instagram жана WhatsApp кызматтары дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да иштебей калды

Facebook, Instagram жана WhatsApp кызматтары дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да иштебей калды.

Ошондой эле кыргызстандыктар мобилдик интернет да үзгүлтүккө учурап жатканын айтышууда.

Үзгүлтүк тууралуу биринчи кабарлар 21:34төн кийин пайда болгон. Facebook көйгөйдү билерин жана калыбына келтирүү үчүн иштеп жатышканын айтты.