Фейктер жөнүндө мыйзам. 24.kg сайтын 2 айга жабууга аракет болду

24.kg сайтын жабууга аракет болгонун аталган редакциядан билдиришти. 

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы хостинг жана интернет-провайдерлерге, ошондой эле байланыш операторлоруна кат жолдогону белгилүү болду. Анда Маданият министрлигинин чечими менен 24.kg сайты же баракчасы эки айлык мөөнөткө жабылышы керектиги айтылат. Ал катта Гүлшат Асылбаева тарабынан демилгеленген “Такталбаган (жалган) маалымат жөнүндө” мыйзамдын нормасына таянышкан. Ошондой эле катта кайсы жаңылык үчүн мындай чечим чыгарылганы жана ким кайрылганы айтылган эмес. 

24.kg комментарий алуу үчүн байланышкан Маданият министрлиги чечим кайра алынганын билдирген. Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу кол койгон кат буга чейин байланыш операторлоруна жөнөтүлгөн. Бирок айрым провайдерлер маалымат агенттигинин сайтын жаап салууга жетишкен.