«Фильтр аппараты кысып калган». Чаткалдагы «Кичи Чараат»  фабрикасынын жумушчусу каза болду

30-июль күнү таңкы саат 07:30 чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылында жайгашкан Кытай жарандары иштетип жаткан “Кичи Чаарат” байытуу фирмасында жумушчу болуп иштеген Чаткал районунун 1985-жылы туулган тургунун «Кичи Чараат»  фабрикасынын пресс-фильтр цехинин ичинде кысылып калып каза болгондугу боюнча маалымат алынган.

Аталган окуя Чаткал РИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жумушчу фильтр аппаратынын ичине түшүп алып, тетиктерин кароо жүргүзүп жаткан учурда белгисиз себептерден улам фильтр аппараты иштеп кетип, денеси кысылып алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон. Ал эми маркумдун денесиндеги жарааттын оордугун аныктоо максатында тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Маркум 2019-жылдын май айынан бери «Кичи Чаарат» байытуу фабрикасында эмгектенип келген.