Ишемби, 21.12.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

Финансы министрлиги: «Өткөн жылы пенсия 90 пайызга чейин көбөйтүлдү»

2022-жылдын 11 айы үчүн Социалдык фондго пенсиялык камсыздоого байланыштуу чыгымдарды каржылоо боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин аткарууга республикалык бюджеттен 29 миллиард 352 миллион 300 миң сом бөлүнгөн, анан ичинен:

  • мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоого – 18 миллиард 867,5 миллион сом;
  • электр энергиясы үчүн компенсацилык төлөмдөрдү каржылоого – 2 миллиард 9,8 миллион сом;
  • аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо каржылоого – 4 миллиард 204 миллион сом;
  • калктын айрым категорияларына жеңилдетилген пенсиялык камсыз кылууну каржылоого жана (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майыптардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашагандарга жана башка) пенсияларга кошумча төлөө каржылоого – 3 миллиард 989,8 миллион сом;
  • Баткен облусунун өзгөчө статусу бар чек арага жакын аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлердин пенсияларга компенсациялык төлөмдөргө — 281,2 миллион сом.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Социалдык фондго трансферттердин көлөмү 42,3 пайызга же 8 миллиард 729 миллион сомго көбөйгөн. Негизинен, өзгөрүүлөр демографиялык өзгөрүүлөргө (пенсия алуучулардын санынын көбөйүшү), ошондой эле Баткен облусунун пенсияларына компенсациялык төлөмдөр берилип башталгандарына байланыштуу.

Ошондой эле, 2022-жылы пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрыда №504 “2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө” токтому кабыл алынды. Айтылган токтомго ылайык пенсиянын базалык бөлүгү пенсионерлердин бардык категориялары үчүн 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулатылган. 

Окшош

Орто-Сай жана Аламүдүн базарларыда башаламан сооданы көзөмөлдөө жүрүүдө

Орто-Сай жана Аламүдүн базарларыда башаламан сооданы көзөмөлдөө жүрүүдө

Бишкекте мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин Орто-Сай жана Аламүдүн базарларына текшерүүсү уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти....

«Кимде-ким 50 пайызын төлөсө, кезексиз берилет». Президент ипотекалык турак жайдагы тизмелер боюнча жооп берди

«Кимде-ким 50 пайызын төлөсө, кезексиз берилет». Президент ипотекалык турак жайдагы тизмелер боюнча жооп берди

"Ипотекалак үйлөрдү алуунун түрлөрү бар. Кимде-ким 50 пайызын төлөсө кезексиз алат. Калганын 15 жылга бөлүп төлөйт. Анын берки бюджеттен бөлүнгөн...

«Баары качты, баш тартышты». Садыр Жапаров Оппозициялык маанайдагы редакцияларды курултайга чакырганын айтты

«Баары качты, баш тартышты». Садыр Жапаров Оппозициялык маанайдагы редакцияларды курултайга чакырганын айтты

"Оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттарын чакырдык, бирок келбей коюшту. Баш тартышты десек да болот. "Азаттык" Прагадан уруксат сурайлы дептир, жыйынтыгында уруксат...

Комментарий кошуу

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

АРХИВ

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.