• мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоого – 18 миллиард 867,5 миллион сом;
  • электр энергиясы үчүн компенсацилык төлөмдөрдү каржылоого – 2 миллиард 9,8 миллион сом;
  • аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо каржылоого – 4 миллиард 204 миллион сом;
  • калктын айрым категорияларына жеңилдетилген пенсиялык камсыз кылууну каржылоого жана (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майыптардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашагандарга жана башка) пенсияларга кошумча төлөө каржылоого – 3 миллиард 989,8 миллион сом;
  • Баткен облусунун өзгөчө статусу бар чек арага жакын аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлердин пенсияларга компенсациялык төлөмдөргө — 281,2 миллион сом.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Социалдык фондго трансферттердин көлөмү 42,3 пайызга же 8 миллиард 729 миллион сомго көбөйгөн. Негизинен, өзгөрүүлөр демографиялык өзгөрүүлөргө (пенсия алуучулардын санынын көбөйүшү), ошондой эле Баткен облусунун пенсияларына компенсациялык төлөмдөр берилип башталгандарына байланыштуу.

Ошондой эле, 2022-жылы пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрыда №504 “2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө” токтому кабыл алынды. Айтылган токтомго ылайык пенсиянын базалык бөлүгү пенсионерлердин бардык категориялары үчүн 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулатылган.