Бишкекте эртең, 25-мартта өтүүчү Кыргызстан-Катар футболдук беттешине байланыштуу унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Бул күнү саат 12:00дөн 20:00гө чейин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаанын жарандарын жана конокторун бул чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну жана каттамдарды алдын ала пландаштырууну өтүнөт.