Бүгүн, 20-мартта Өзбекстандын «Бунедкор» стадионунда 2026-жылы өтө турчу Дүйнө чемпиондугунун тандоо раундунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын курамасы беттеш өткөрөт.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Саат 19:00дө Эски аянтта Кыргызстан – Өзбекстан беттешинде курама команданы колдоо үчүн фан-зона уюштурулат.
18-мартта Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ташкентке барган. Аларды аэропорттон Өзбек футбол ассоциациясынын жетекчилери тосуп алышкан.