Бүгүн, 20-март күнү Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Өзбекстан курама командасы менен беттешти.
Беттеш Ташкенттеги Бунёдкор стадионунда болуп өттү.
1-таймдын 40-мүнөтүндө Өзбекстандын курамасы эсеп сандарын ачты. Биринчи бөлүк Өзбекстан курамасынын алдыга чыгышы менен аяктады.
Ал эми оюндун 2-бөлүгүндө эки команда тең эсеп сандарын өзгөртө алышкан жок. Ошентип, беттеш 0:1 эсебинде Өзбекстандын жеңиши менен аяктады.