Футболчу Диего Марадона көз жумду

Легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ал бүгүн, 25-ноябрда жүрөк согуусу токтоп, өз үйүндө көз жумган.

Кошумчалай кетсек, 4-ноябрда футболчунун мээсине операция жасалып, 12-ноябрда ооруканадан чыккан. Бирок алкоголдук ичимдиктердин кесепетинен толук калыбына келе элек болчу.

Футболчу 60 жашта болгон.