Футболдо майыптыгы бар адамга жардам кылган милиция кызматери Ардак грамота менен сыйланды.
10-июнда Бишкек шаарында өткөн футбол беттешинде коомдук тартипти камсыздоого Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери тартылган.
Социалдык тармакта тараган сүрөттөгү кызматкер Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов райондук Күзөт бөлүмүнүн милиционери — милициянын кенже сержанты Нурланбеков Жакшылык экени аныкталган.