Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу, 19 жаштагы футболчу Гүлжигит Алыкулов «Кайрат» клубу менен мөөнөтүнөн мурда Казакстандын чемпиону болду.
Тактап айтканда, 3-ноябрда футбол боюнча Казакстан чемпиондугунун 17-турунун алкагында «Кайрат» командасы өз үйүндө «Окжетпес” командасын кабыл алып, 3:1 эсебинде жеңип алды. Гүлжигит Алыкулов оюндун экинчи бөлүгүндө алмашууга чыкты. Бул көрсөткүч менен «Кайрат» клубу жалпы 44 упай топтоп, экинчи орунда келе жаткан «Астана» командасынан 17 упай ашып кетти. Калган беттештердин жыйынтыгына карабастан «Кайрат» клубу 2020-жылдагы Казакстандын чемпиону болду.
Баткендин тургуну кулпунай өстүрүп, 1 килограммын 2 миң сомдон сатат
Баткен облусунун Миң-Чынар айылынын тургуну, 31 жаштагы дыйкан Кубаныч Барат уулу акыркы төрт жылдан бери кулпунай өстүрүү менен алектенип, туруктуу...










