Бейшемби, 16.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

17:52 26.03.2026
0
«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту
Бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелер талкууланып, парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу да сөз болду.

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш менен Федералдык Жыйын эки тараптуу комиссиянын, тармактык комитеттердин жана эл аралык уюмдардын алкагында активдүү кызматташып келе жатканын билдирди. Ошондой эле жолугушууда эки өлкө башчыларынын ынак мамилеси алакаларды арттырууга өзгөчө өбөлгө түзүп жатканы баса белгиленди.

«Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Энергетика, инвестиция, транспорт, өнөр-жай жана айыл чарба өңдүү приоритеттүү тармактардагы кызматташтыкты тереңдетип, маданий-гуманитардык байланыштарды да чыңдашыбыз керек», – деди Марлен Маматалиев. Мындан тышкары, төрага төмөндөгүдөй бир катар актуалдуу маселелерди көтөрдү:
— Коопсуз, мыйзамдуу жана тартипке салынган миграцияны камсыз кылуу;
— «Амина» санариптик каттоосун кеңейтүү;
— Эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык камсыздандыруу шарттарын жакшыртуу;
— Мектепке кабыл алуудагы тестирлөөдөн кыргызстандык окуучуларды бошотуу;
— Өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууну жөнөкөйлөтүү;
— ЕАЭБ алкагындагы жеңилдиктерди сактоо, айрыкча жүк ташуучуларга тоскоолдуктарды жоюу.

«Миграция тармагындагы кызматташуунун негизги багыттарын кеңири түшүндүрүп бергим келет. Биринчиден, биз коопсуз, жөнгө салынган жана мыйзамдуу эмгек миграциясына, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоого кызыкдарбыз. Экинчиден, Москва шаарында жана Москва облусунда «Амина» тиркемеси аркылуу санариптик каттоону киргизүү оң натыйжасын берди, ошондуктан аны башка региондорго этап-этабы менен жайылтып, балдарды да каттоого алууну сунуштайбыз. Үчүнчүдөн, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына жетүүсү дагы эле актуалдуу бойдон калууда, ошондуктан ЕАЭБдин талаптарын эске алуу менен өз ара алгылыктуу чечим табуу маанилүү. Төртүнчүдөн, орус тилинин статусун жана учурдагы практиканы эске алып, кыргызстандыктардын балдарын Россиянын мектептерине кабыл алууда тилдик тестирлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Бешинчиден, өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууда кыйынчылыктар сакталып жатат, андыктан процедураларды жөнөкөйлөтүү жана Россиядан чыгып кетпестен көзөмөлдөнгөн адамдардын реестринен чыгаруу механизмин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүнү өтүнөбүз. Ал эми алтынчыдан, өлкөдө жүрүү мөөнөттөрүн кыскартуу жана талаптарды катуулатуу сыяктуу жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз. Айрыкча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн колдонулуп жаткан жеңилдиктерди сактоо, ошондой эле эл аралык жүк ташуучулар үчүн өлкөдө жүрүү мөөнөттөрүн узартууну колдоо маанилүү деп эсептейбиз», – деп түшүндүрдү Марлен Маматалиев.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин да кызматташуунун ар кандай форматтарын колдонуу аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнү мындан ары да жигердүү улантуу керектигине токтолду. «Көп жагынан эки мамлекеттин алакасындагы динамиканы өлкө башчылары аныктайт. Бирок биз дагы өз тарабыбыздан жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан колдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча түрткү берүү үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек», – деди Вячеслав Володин.

Мындан сырткары, «Олуттуу маселелер жаралган учурда да биз биргелешкен чечимдерди таба алдык. Ар дайым ачык диалог аркылуу мамилелерди чыңдоого умтулдук. Натыйжада өз ара ишенимге негизделген кызматташтыктын алкагында жакшы жыйынтыктарга жетишип жатабыз. Алсак, өткөн жылы эле эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 25%га өстү. Россия бул багытта Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат», – деп кошумчалады.

Расмий жолугушуу аяктагандан кийин дароо Вячеслав Володин тиешелүү тармактык түзүмдөрдүн өкүлдөрүнө жана ведомстволордун жетекчилерине көтөрүлгөн маселелер боюнча жыйынтыктоочу чечимдерди иштеп чыгууну тапшырды.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президент: «Ноокатта 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат»

Президент: «Ноокатта 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:38 16.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 15-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районунун тургундары жана активи менен жолугушту. Мамлекет башчысы...

Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:43 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө...

Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:17 15.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун тургундары жана активи менен жолукту. Мамлекет башчысы...

Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:55 15.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун тургундары жана активи менен жолугушту. Мамлекет башчысы...

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:44 15.04.2026
1

Улан Маматканов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Буга чейин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

14:48 15.04.2026
Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Садыр Жапаров: "Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген"

15:55 15.04.2026
Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

09:52 16.04.2026
Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

09:52 16.04.2026
Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

09:43 16.04.2026
Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

16:17 15.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү