Германия Кыргызстанга коронавирустун штаммдарын аныктаган реагенттерди берди

Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктоо үчүн реагенттерди алып берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-майда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен, Германия менен Орусиянын эл аралык адистери менен жолуккан.

«Ушул жылдын 10-майында Кыргызстанга германиялык бир нече окуу жайлардын медицина өкүлдөрү келишкен. Адистер Кыргызстандын лабораторияларынын кызматкерлерин штаммдарды аныктоого окутуп жатышат. Эми жардам катары берилген реагенттер Кыргызстандын аймагында коронавирустун штаммдарын аныктоого жардам берет», — деп айтылат маалыматта.

Жабдыктан сырткары, лабораторияга 50 миң ПЦР-тест тапшырылган.