Германияда Кыргызстандын маданий кечеси өттү

30-мартта Кыргызстандын Германиядагы элчилиги Германиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Willkommen in Berlin» («Берлинге кош келиңиздер») клубу менен биргеликте кыргыз маданий кечесин уюштурду. Кече Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (Naturschutzbund Deutschland-NABU) “Ак илбирс экспедициясы” көргөзмөсүнүн алкагында болду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Иш-чарага “Wilkommen in Berlin” клубунун “Элчиликтер жана Резиденциялар” тобунун мүчөлөрү, Берлиндеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты. Өмүрбек Текебаев конокторго куттуктоо сөзүн сүйлөп, жогоруда аталган клубдун “Элчиликтер жана Резиденциялар” тобунун жетекчиси Тоне Корссунд-Айхингер айымга бул кечени чогуу өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Элчи мындай кечелерди Германияда өткөрүү немис калкынын Кыргызстан менен жакындан таанышуусуна, эки өлкөнүн маданиятын жана элдерин жакындаштырууга жардам бере аларын белгиледи.

Кеченин жүрүшүндө конокторго Кыргызстан жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, немис жана кыргыз музыканттарынын жана артисттеринин аткаруусунда классикалык музыкалык номерлер тартууланды. Кеченин коноктору кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам татып, жылуу жана достук маанайда ɵз ара баарлаша алышкан.