Германияга медициналык текшерилүүгө барган Айсулуу Тыныбекова Текебаев менен жолукту

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев эркин кʏрɵш боюнча дʏйнɵнʏн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова менен жолукту. Бул тууралуу элчи өзү соцтармактагы баракчасына жазды.

«13-октябрда Өмүрбек Текебаевдин Германияга медициналык текшерʏʏ максатында келген эркин кʏрɵш боюнча дʏйнɵнʏн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова менен жолугушуусу болду. Жолугушуу учурунда кыргыз элинин сыймыгы болгон Тыныбекованын спорттогу жетишкендиктери жана алдыга койгон максаттары тууралуу сɵз болду», — деп айтылат маалыматта.