Гиннесс рекорддор китебине кирген хирург Мамбет Мамакеев дипломун колго алды

Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев Гиннесс рекорддор китебинин дипломун алды. Анда эң көп убакыт иштеген хирург катары академиктин дүйнөлүк рекорду расмий тастыкталган. Бул дипломду Гиннесс рекорддор китебинин эксперттери өздөрү тапшырышы керек эле, бирок дүйнөлүк пандемияга байланыштуу дипломду почта менен салып жиберишкендиги айтылат.

Ушул жылдын 29-февралында рекордду каттоо учурунда Мамбет Мамакеевдин практикалык хирургия тармагында үзгүлтүксүз 67 жыл 181 күн иштегени белгиленген эле. Бул аралыкта 200дөй илимий эмгек жазып, 30 миңден ашуун операция жасап, 1 миңден ашуун шакирттерге устат болгон.

Мамбет Мамакеев 93 жашта, ал медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук хирургиялык борбордун ардактуу жетекчиси жана Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү. Ал азыркы күндө да ишин улантып, түрдүү хирургиялык операцияларды жасап келет.