Гүлзат Мамытбектин апасы: «Күйөө баламдын балдардан баш тартпай, аларды карап жатканына ыраазы болом»

«Күйөө баламдын балдардан баш тартпай, аларды карап жатканына ыраазы болом». Бул тууралуу блогер Гүлзат Мамыбектин апасы Кенжегүл Сыдыкова SUPERTV каналына маек берип жатып билдирди. Редакцияга блогердин жакындары келип, анын азыркы абалын, тергөө иштери кандай жүрүп жатканын айтып беришти.

«Балдарын мурдагы жолдошу карайт. Сот күйөө баламдын пайдасына чечип берген. Жакшы аял алыптыр», — дейт блогердин апасы.

Гүлзат Мамытбек 26-октябрда алдамчылыкка шектелип кармалган. Анын үстүнөн 7 жабырлануучу арыз жазып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашкан. Блогердин Биринчи Май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, камакка алынган. 15-декабрда анын иши сотко өткөнү маалым болгон.