Гүлзат Мамытбектин сиңдиси: «Эжем «мошенник» эмес. Анын элден акча алып, баштаган иши пандемияга туш келип калды»

«Эжең «мошенникпи?» деп жатышат. Жок, эжем «мошенник» болгон эмес жана болбойт дагы». Бул тууралуу блогер Гүлзат Мамыбектин сиңдиси Амина Мамытбекова SUPERTV каналына маек берип жатып билдирди. Редакцияга блогердин жакындары келип, анын азыркы абалын, тергөө иштери кандай жүрүп жатканын айтып беришти.

«Ал элден акча алып, ишке жумшады, мобилдик тиркемени ачты, ишке киргизилди. Бирок ошол учур пандемияга туш келип калды. Иш андан ары жүрбөй калып, банкрот болуп калды. Иште сөз болгон 110 миң доллар эле эмес, андан көп акча каражаты жумшалган. Бардык фактылар, келишимдер, тил каттар бар. Эжемдин болгон күнөөсү — бул элден акча алып жатып, аларга эки эсе кылып кайтарып берем дегени. Пандемия болуп калса же банкрот болуп калсам дегенди эжем айткан эмес», — дейт Амина Мамытбекова.

Гүлзат Мамытбек 26-октябрда алдамчылыкка шектелип кармалган. Анын үстүнөн 7 жабырлануучу арыз жазып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашкан. Блогердин Биринчи Май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, камакка алынган. 15-декабрда анын иши сотко өткөнү маалым болгон.