«Хижина Рацека» чокусунан түшүп келе жатып өзүн жаман сезген польшалык кызды куткаруучулар түшүрүштү

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» жаратылыш паркынын жогору жагында 2002-жылы туулган Польша мамлекетинин жараны «Хижина Рацека» чокусунан түшүп келе жатып өзүн жаман сезип, абалы начарлаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине аталган паркта нөөмөттө турган ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 4 куткаруучусу тартылып, жогоруда аталган кыз кишиге биринчи медициналык жардам көргөзүп, республикалык инфекциялык ооруканасына дарыгерлерге өткөрүп беришкен.